super.kg logo

Журналист Айнура Каниметова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

 

"Кут Билим" гезитинин бөлүм редактору, билим берүүнүн отличниги Айнура Каниметова 25-августта 50 жашка караган курагында оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери маалымдашты.

Маалыматка ылайык, маркум дээрлик чейрек кылым бою журналистиканын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келген.

"Кесиптик милдетин дайыма жоопкерчилик менен аткарган калемдешибиздин каза болушу кабыргабызды кайыштырды. Шум ажал эрте алып кетти. Айнуранын кесиптик чеберчилиги жогору, чыгармачылык чабыты бийик, бардык кесиптештери менен мамилеси абдан жакшы эле. Арабыздан кетип, акка моюн сунган кесиптешибиздин ата-энесине, бир туугандарына, кызы Мадинага жана башка жакындарына кайгырып кайрат айтабыз, кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп билдиришти кесиптештери.

Айнура Каниметова 1970-жылы туулган. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын ортосунда Бишкек гуманитардык университетинин орус филологиясы факультетин аяктагандан кийин, "Кут Билимде" корректор болуп иштей баштаган. Андан кийин кабарчы, бөлүм редактору болуп талыкпай иштеп, дээрлик чейрек кылым журналистикада ак кызматын өтөдү.

"Кут Билимден" тышкары Улуттук "Кабар" агенттигинде кабарчы, Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы болуп иштеген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Айнура Каниметованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.08.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ыйманы саламат болсун! Жакындарына сабыр берсин!
27.08.2020. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо менен кантип байланышсак болот ватсап номерин бергилечи
28.08.2020. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maks_shop, 0557473939
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: