super.kg logo

Белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева 82 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Зарыл Мамбеталиева 1938-жылы 25-декабрда Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ата-энесинен эрте ажыраган Зарыл Мамбеталиева Сатар Абылкасымов аттуу тууганынын колунда тарбияланып, Ош облусунун Кара-Суу районундагы орто мектептен билим алган. 1952-жылы Жалал-Абад облусундагы А.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына кирип, 1957-жылы башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Ош облусунун Араван районунда башталгыч мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Туубаса таланты, шык дарамети менен конкурска катышып, 1961-жылы Кыргыз радиосуна дикторлук кесипке кабыл алынган. Ошол жылдан 1997-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде диктор, жогорку категориядагы диктору болуп иштеп, 36 жыл эфир толкунунда үнү өчкөн эмес.

Бул мезгил аралыгында алгач акыркы кабарлар, эл аралык жаңылыктар, докладдарды түз эфирде окуп, кийин адабий-музыкалуу “Кутмандуу болсун күнүңөр”, “Ыр канатында”, “Бейпил түн” адабий, музыкалык берүүлөрдү, радио постановка, бир катар теле жана радио композиция жана “Түркүн тагдырлар” теле берүүсүн алып барган.

Кайталангыс арген үнү менен диктор катары аты атпай журтка таанылган Зарыл Мамбеталиева Кыргыз радиосунда көркөм окуунун негиз салуучуларынын бири болгон. “Кыргыз радиосунун” алтын казынасына кабыл алынган Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, Мар Байжиевдин “Төрт адам”, Мухтар Ауэзовдун “Көк серек”, Сүйүнбай Эралиевдин “Жаңыл Мырзанын керээзи”, Омор Султановдун “Чарчоонун жүзүнчү ыры” сыяктуу бир катар чыгармалар сакталып, ушул кезге чейин радионун казынасындагы классикалык чыгарма катары эфирге үзгүлтүксүз берилип келет.

Зарыл Мамбеталиева көөнөргүс чыгармаларды ийинине жеткире окуу менен катар, бир актёрдун театры катары образ түзүү жагынан чоң чеберчиликке ээ эле. Ал тургай “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинде, эпостун “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Каныкейдин жомогу” бөлүктөрүн эл суктангыдай бийик чеберчиликте көркөм окуган.

1981-жылы Зарыл Мамбеталиеванын көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы берилип, 1997-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Мамбеталиева Зарыл иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болчу. Кыргыз маданиятын, журналистикасын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Зарыл Мамбеталиеванын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.08.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: