"Жеңүүчүлөр сыйланат". Окуучулар арасында "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу онлайн-акция өтөт
Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына арналган иш-чаралардын алкагында, Эгемендүүлүк күнүнө карата окуучулар арасында "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу республикалык онлайн-акциясы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акция 27-августтан 1-сентябрга чейин өлкөдөгү мектептердин жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.
"Акциянын максаты - балдарды өз мекенин сүйүүгө жана аны менен сыймыктанууга жана патриоттуулукка тарбиялоо, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхын, илимин, маданиятын, салт-санаасын, жаратылышын билүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жөндөмүн, креативдүүлүгүн, социалдык, маалыматтык, илимий-изилдөөчүлүк, маданий-эстетикалык компетенцияларын өнүктүрүү", - деп жазылат маалыматта.
Акциянын алкагында төмөндөгү багыттар боюнча сынактар уюштурулат:
- "Жүрөгүмдө Кыргызстан" республикалык интеллектуалдык сынак-викторинасы; (Cынактын жобосу: Жүрөгүмдө Кыргызстан Жобо.docx)
- "Эмне? Кайда? Качан?" оюну. Аралыктан өтөт; (Cынактын жобосу: Эмне Кайда Качан Жобо.docx)
- Компьютердик плакаттардын "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" республикалык сынагы; (Cынактын жобосу: «Менин сүйүктүү Кыргызстаным Плакаттар Жобо.doc)
- Видеороликтердин "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" республикалык онлайн - сынагы; (Cынактын жобосу: «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» видеоролик Жобо.doc)
- "Кыргызстандын келечеги балдарда!" бий марафону. (Cынактын жобосу: “Кыргызстандын келечеги балдарда!” Жобо.docx)
Маалымат үчүн байланыш телефондору: (312) 38-32-60, (312) 3I-58-47, 3I-58-74.
Акциянын жыйынтыгы 1-2-сентябрда чыгарылат, жеңүүчүлөр министрликтин I, II, III даражадагы дипломдору менен сыйланышат жана министрликтин расмий сайтына чыгарылат.




1 |