super.kg logo

Кубатбек Боронов: "Билим берүү министрлиги 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүү маселесин уюштурууну карап чыгуусу шарт"

 

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Отурумда окуучулар жаңы окуу жылында кандай тартипте билим алары жана мектептерде санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Штабдын чечимине ылайык, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат, калган класстын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн режиминде билим алат. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша билим алуунун кийинки тартиби республикалык штабдын отурумдарында каралып турмакчы.

Премьер-министр биринчи класстын окуучулары окуй турган мектептерде санитардык-гигиеналык нормалар так сакталышы керектигин белгиледи.

"Тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын тыкыр сакталышын камсыздоого мектеп жетекчилиги жооптуу. Коомдук транспортто илдеттин жугуу тобокелчилиги жогору экенин эске алуу менен Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул маселе өзгөчө шаарларга тийиштүү", - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын аралыктан билим алуусуна шарт түзүү үчүн сыналгы жана уюлдук телефон менен камсыз кылуу маселесин чечүү керектигин кошумчалады.

Премьер-министр штаб тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына берилген тапшырмалардын сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы коомдук транспортто санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: