"Иштеген иши үчүн азык-түлүк" долбоорунун алкагында 63 миңден ашуун адам азык-түлүк менен камсыз болду
“Иштеген иши үчүн азык-түлүк” долбоорунун алкагында 63 миңден ашуун адам азык-түлүк менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Анда азык-түлүктөр бир катар аткарган иштери үчүн (жолдорду, каналдарды, ичүүчү суу системдерин куруу, бак-дарактарды отургузуу, социалдык объектилерди оңдоо) берилгендиги айтылат.
"2020-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча 519 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашты, анын алкагында 63 миң 400 адам азык-түлүктөр (ун жана өсүмдүк майы) менен камсыз болгон. Жалпысынан долбоордун алкагында 2 миң 41 тоннага жакын азык-түлүк жардамдары берилди", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, бул программа БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 2018-2020-жылдарга карата түзүлгөн долбоор. Анын максаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү активдүү социалдык жактан колдоо болуп саналат.
