super.kg logo

Өкмөт башчы импорт көмүрүн ташып келүү иштери боюнча тармактык мамлекеттик органдардын ишин сынга алды

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Улутттук энергетикалык холдинг компаниясынын" маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи импорт. Кара-Кече көмүрүн ташып келүү иштери план боюнча жүрүүдө. Импорт отуну боюнча тендер жүрүүдө.

Өкмөт башчы импорт көмүрүн ташып келүү иштери боюнча тармактык мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

"Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек болчу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүбүз керек. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууда энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу", - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасы, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилүү болгондой, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөттүндө аткарылып жатат.

"Оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүнө эле эмес, иштин сапатына да өзгөчө көңүл буруу керек. Кыш мезгилинде энергетикалык тутумга көп күч келерин эске алып, андан туруктуу өтүүнү камсыздоо үчүн белгиленген иштер дыкат жүзөгө ашырылууга тийиш", - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна сапаттуу даярдык көрүү жана өндүрүштүк объектилерди энергетика жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого тийиштүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: