Өлкөгө Оренбургдан 1 миң 563 Кыргыз жараны кайтып келди
Бүгүн, 28-августта өлкөгө Орусиянын Оренбург облусунан Казакстандын аймагы аркылуу экинчи колоннада 25 автобус менен 1 миң 563 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 27-августта 29 автобус менен 1 миң 715 Кыргыз жараны кайтып келгендиги кабарланган.
Аталган иш-чаралар Кыргыз жарандарын чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргыз өлкөсү жана Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун Орусиянын Оренбург облусунда жүргөн Кыргыз жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган.
Белгилей кетсек, 27-августтан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарында аралыктан сатып ала алышат.
