super.kg logo

Премьер-министр: "Мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды"

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Казак тилкесиндеги "Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайына барып, анын реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайында курулуп жактан имаратты жана реконструкцияланып жаткан инфраструктурасын көрүп чыкты.

"Көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын модернизациялоо, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздоо каралган. Бул өз кезегинде "Ак-Жол - автожолдун" жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жарандардын өтүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздайт", - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле премьер-министр Кыргыз мамлекетинде Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун алкагында мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Казак тилкесиндеги көзөмөл-өткөрмө жайларын модернизациялоо жана реконструкциялоо экспортко чыгуучу ата мекендик ишканаларды колдоого жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

"Мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды. Анткени өлкөгө келип жактан туристтердин Кыргыз өлкөсү тууралуу таасирлери ушул чек арадагы өткөрмө жайларынан калыптанат.

Ошондуктан реконструкциялоодо тышкы көрүнүшүнө да көңүл буруу керек. Ошол эле учурда модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: