Баткен облусунда 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду



Баткен облусунда 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен Баткен облусунун 22 орто мектептеринде Илимбокс – санариптик китепканасы орнотулду. Бул долбоор Европалык биримдик тарабынан каржыланды.
"Китепканада кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды табууга жана аларды интернети жок колдонууга болот. Китепканадан англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөмчүлүк жана программалоо боюнча видео лекцияларды англис тилинде көрүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде санариптик китептердин, аудио жана видео лекциялары, ЖРТ жана PISA тесттери китепкананын санариптик энциклопедиясында жайгашкан. Ал 500дөн ашуун кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулуучу китептерди, 300дөн ашуун педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөмчүлүк боюнча китептерди камтыйт. Ал эми мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу байланыша алат.
Баткенде аталган китепкананын бет ачары өтүп, ага мектеп директорлору, райондук жана шаардык билим берүү борборлорунун кызматкерлери катышты.
