Мугалимдердин республикалык август кеңешмеси болуп өттү (сүрөт)








Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимдердин республикалык август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда өткөн окуу жылына анализ жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына милдеттер коюлган.
Онлайн форматтагы кеңешмеге райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер болуп 500гө жакын делегат катышкан. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков "Санариптик билим берүү – өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы" аталышындагы доклад жасаган. Исаков пандемия шартындагы окуу жылын аяктоо процессине токтолуп, окуучуларыбыздын ден соолугуна кам көрүү, ооруну жайылтпоо негизги максат болгонун белгилеген.
"Министр пандемия учурунда кабыл алынган антикризистик план менен системдүү жумуш алып барылганын, COVID-19 илдети билим берүү системин санариптештирүүсүн тездеткенин кошумчалады. "Карантин шартына карабай окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок. 4-чейректи аралыктан билим берүү менен жыйынтыктадык. Жалпы республикалык тестирлөө, "Алтын тамга" сынактары толук кандуу уюштурулду.
Салттуу жана дистанциялык форматта билим берүү мезгилинде ата-энелер, мугалимдер, мектеп администрациясы, окуучулар үчүн Консультативдик кеңеш тарабынан атайын нускамалар, методикалар иштелип чыгып, республика боюнча бардык билим берүү мекемелерине жеткирилди. "Санарип мугалим" бир айлыгынан алкагында мугалимдер, ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучулары үчүн дистанциялык окутуудагы түрдүү багыттар боюнча вебинарлар өттү.
Бул азыр да уланууда. Кеңешмеде спикерлер: министрдин орун басары Нурлан Омуров, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Назира Дүйшеева, Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору Мурат Касымалиев жана "Балдардын укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова доклад жасады.
Каныбек Исаков жаңы окуу жылында көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү, Санарип мектеп моделин жайылтуу жана PISA 2024 баалоосуна даярдык көрүүгө басым жасалышы керектигин белгилеп, инклюзивдүү билим берүү, райондук, шаардык билим берүү бөлүм башчыларынын ишин баалоо критерийлерине көңүл бурула турганын кошумчалады. Соңунда Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон, кызматтык милдетине карата ак ниет мамилеси үчүн бир катар кызматкерлерге өкмөттүн Ардак грамотасы тапшырылды. Аралыктан билим берүүдө кошкон салымы үчүн ЖОЖ жана мектеп мугалимдери сыйланды", - деп айтылат маалыматта.
