Ипотекага турак жай алуу процедурасы жөнөкөйлөштү
Турак жай алуу процедурасы жөнөкөйлөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, компанияга азыркы тапта жеңилдик ипотекасын алуу үчүн арыз берген бюджеттик кызматкерлердин саны 5 миңден ашкан жана анын суммасы 8 миллиард сомду түзгөн. Бирок быйыл мамлекеттик ипотеканы каржылоого бюджеттен 500 миллион гана сом бөлүнгөн.
Алардын ичинен 700 адам арызын эки же андан көп жолу жазып жатат. Себеби мурда тапшырылган анкета бир жыл гана юридикалык күчкө ээ болуп келген. Андан соң жарандар кайрадан документ чогултуп, башынан жаңылап арыз жазчу. Мындан ары ал норма жоюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Bars88

28.08.2020. 22:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бироо айтмакчы ипотекага уй алайын десе айлыгын жеген ичкенинден ашпайт деп беришпейт дейт.Пособия алайын десен телевизорун бар бай экенсин деп бербейт дегендей
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.