super.kg logo

Өлкө башчы: "Негизги максатыбыз бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөзүп алуу"

 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" кезектеги маегин берди. Анда өлкө башчыга төмөнкү суроо узатылган.

"Сооронбай Шарипович, пандемия шартында парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул, албетте, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл. Бир нече күндөн кийин үгүт иштери башталат. Шайлоо эл аралык практикадан алганда да, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхынан алганда да ар кыл саясий күчтөрдүн тирешүүсү менен өтөт. Ал кээде мамлекеттин же жөнөкөй жарандардын коопсуздугун эске ала бербеген процесс болуп калууда. Ушул өңүттөн алып караганда, сизде кандай ойлор бар? Анткени шайлоолордун тынч өтүшү биринчи кезекте президентке артылган сыноо жана жүк эмеспи".

— Туура айтасыз. Бул шайлоо өтүшү керекпи же жокпу деп саясий чөйрөдө абдан катуу талкуу болду. Сиз айткандай, саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн шайлоо болушу керек деп чечим кабыл алганбыз. Азыр шайлоо өткөрүү боюнча бул процесстер өлкөдө жүрүп жатат. Негизги максатыбыз — бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөзүп, эң негизгиси элибиздин келип, эркин, каалаган партиясына добуш беришин камсыз кылуу.

Туруктуу иштеген мыйзам чыгаруу органы, аткаруу бийлиги болушу керек. Ал иштеши керек. Кандай иштейт, ал башка маселе, өзүнчө талкуулай турган тема. Бирок мамлекеттин өнүгүүсү, алдыга жылуусу, элибиздин күнүмдүк социалдык, экономикалык талаптарын аткаруубуз үчүн бардык бийлик бутактары туруктуу иштеши керек. Бул мамлекеттин туруктуулугу жана келечеги. Азыр өлкө шайлоо процессинин активдүү фазасына кирди десек болот. Демек, шайлоого катышам деген саясатчыларыбыздын да жоопкерчилиги артты. Мына ушуну саясатчыларыбыз эстен чыгарбай, жоопкерчилигин терең түшүнсө деген ойду айткым келет.

Туура, менден — президенттен, коомчулук, жарандарыбыз, элибиз ошол эле саясатчыларыбыз таза, ачык шайлоону талап кылып жатышат. Талап кылганды билгендер өз милдетин да билиши керек. Болбосо, бизде өз укугун абдан жакшы билип, бирок коом алдындагы милдетин унутуп койгон же билгиси келбегендер да бар. Мыйзамдуулукту талап кылып, өз укугун таңуулап, бирок башканын укугун тааныгысы келбегендер да бар. Демократия эмнеси менен күчтүү?

Демократия — бул көпчүлүккө азчылык баш ийүүсү менен күчтүү. Бизде болсо кээде азчылык көпчүлүк чечип жатса дагы, жок андай эмес деп, анын башка, радикалдуу жолун издеп, көпчүлүккө өзүнүн оюн таңуулагандар болуп жатат. Демократиянын эң негизги принциби — азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Ошонусу менен демократия.

Шайлоонун таза, ачык өтүшү президенттен же Борбордук шайлоо комиссиясынан гана көз каранды эмес. Мен бардык саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам. Баарыбыз ынтымакта бул олуттуу саясий сыноодон тынч, ызы-чуусу жок, дүйнө элине уят болбогондой өтүшүбүз керек. Ал эми мен, президент катары, менден мыйзам алкагында шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө эмне талап кылынса, аларды аткарып жатам жана аткарам. Менин негизги милдетим ушул.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
29.08.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балееде таза отот!
29.08.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таза өтүшүнө көзүм жетпей калды. Эмитен акча сунуштап жатышат деп угуп калдым. Кантсе да элибиздин жоопкерчилигине ишеним артып турам. Урматтуу кыргыз элим башка элге уят болбой тынч аман өткөрүп алалы. Айбириңер менен кеңешип туура чечим кабыл алалы. Кыргызстан келечеги биздин колубузда!!!!
29.08.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан ай.....Мите курттар толтура ошолорду жок кылыш керек.Ажобуздун созуно ишенгим келет!!!
29.08.2020. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таза шайлоо эч качан болгон эмес
29.08.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан тарыхында бир гана 2010-жылы шайлоо таза эмес, тазараак өткөн болчу. Эми ишнниш жок...
29.08.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шайлоону таза өткөрүү элдин өзүнүн абийиринде, акча берсе эле ала бербей, главный сатылбаса эле болду, эл өзүнүн жүрөгү менен шайласа эле болду!
30.08.2020. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AdylbekB84,Ошо журогубуз менен шайлаган адамыбыз отпой,колунда бийлиги,акчасы бар адамдар отуп кетип жатпайбы тилекке каршы.Биздин добушубуз эч нерсени чечпей калат окшойт.
29.08.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жээнбекова ))) туура айтыптыр бирок иш жузундо кандай болот белгисиз
29.08.2020. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соке озу таза шайлоо менен келди беле? 3% менен отуп кетти эле анан каяктагы таза шайлоо Кыргызстанда.
30.08.2020. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тфу дегин келет го
30.08.2020. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз жакта бир эже айткан,,,шайлоо бутуп,кызылдай эле кагаздарды алмаштырып кетишкен...эч нерсе кыла алган жокбуз,карап ган турдук.Бийликке ишенуу КЕРЕГИ ЖОК деп...
30.08.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза шайлоо жок бизде
30.08.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул созду айтпайле койбоптурсузда
Озунуздун партияныз данный момент акча сунуштап атат и таратып журот.анан кайсы Бет менен айтып атасыз бул созду?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: