super.kg logo

Премьер-министр: "Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма жолу реабилитацияланат"

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, кеңеш пландалган жана ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча олуттуу чечимдерди кабыл алуу боюнча маанилүү дискуссиялык аянтча болуп саналат.

«Өнүктүрүү долбоорлоруна ички жана тышкы ресурстарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө белгилей кетким келет. Буга байланыштуу коюлган милдеттерди сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин баса белгилейм. Ушул жылы министрликтердин жана ведомстволордун алдына коюлган милдеттер боюнча аларга жетишүүдө балансталган мамилени камсыздоо өтө маанилүү деп эсептейм, ал заманбап инфраструктура жана жумуш орундарын түзүү контекстинде калктын жашоосунун сапатына түздөн түз таасирин тийгизет», - деди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар мамлекеттик инвестициялар долбоорунун ишке ашырылышына тийиштүү маселелер талкууланды. Тактап айтканда, айрым долбоорлор боюнча келишимдерге 2016-2017-жылдары кол коюлгандыгы, бирок каражаттарды өздөштүрүү баштала электиги белгиленди.

Премьер-министр ишке ашырылуусу канааттандырарлык эмес деп эсептелген айрым долбоорлорду белгиледи.

«Кредиттик жана гранттык каражаттарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө дагы бир жолу айткым келет, инвестициялык долбоорлорду белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга жооптуу мамиле кылуу зарыл», - деп кошумчалады ал.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча, бир катар долбоорлор жактырылды. Алардын катарында 48 миллион 220 миң доллар суммасындагы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын айылдык калктуу пункттарындагы суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоору, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан каржылануучу 52 миллион 625 миң евро суммасындагы 32,2 чакырым узундуктагы “Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма жолун реабилитациялоо” (Балбай Баатыр участогу – Каракол шаары) долбоору, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу жалпы суммасы 48 миллион евро деп эсептелген «Кадамжай, Айдаркен, Таш-Көмүр, Шопоков, Көк-Жаңгак, Кемин, Кант, Талас шаарларында суу менен жабдуу жана канализация системдерин реабилитациялоо” долбоору бар.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик органдарга бир катар долбоорлор боюнча маселелерди иштеп чыгуу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.08.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан и качан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: