Региондор ортосундагы кастыкты козутуу беренеси менен айыпталып жаткан Даниэль Ажиев психикалык ооруканага жөнөтүлдү
"Улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталып жаткан Даниэль Ажиев экспертизанын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психикалык ооруканасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай токтомду райондук сот 20-август күнү чыгарган.
Айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында ал психикалык жактан жабыркай тургандыгы аныкталган. Мындан улам иш сотко өткөн. Сот Ажиевди Кызыл-Жар психикалык ооруканасына жөнөтүү токтомун чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Силерде Кызыл Жар.ошондо каяка кетти.
жана дүңк дагы жаңы таңкалычтуу чечимдерди күтүп калабыз