super.kg logo

Премьер-министр: "Мектептерде санитардык эрежелер так сакталышы керек"

 

Мектептерде санитардык эрежелер так сакталышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул окуу жылдын башталышында 1-класстын окуучулары гана кадимки режимде, мектепте билим алышат.

Өкмөт башчы мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктап, аларга окуудагы жетишкендиктерди каалады.

"Коронавирус инфекциясына байланыштуу жаңы окуу жылында окууну аралыктан өтүүдө мектеп окуучуларынын, ата-энелердин жана мугалимдердин алдында жаңы чакырыктар турат. Пандемия турмуштун бардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде окутуу процессине түзөтүүлөрдү киргизди. Бул жаңы ыкмаларды, пайдалуу көндүмдөрдү жана билим берүү системине жаңы көз карашты талап кылат. Окуучуларга албан ийгиликтерди каалайм, билим алууга, илим жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө умтулуп, жигердүү жана аткаруучулук жөндөмдү арттыргыла дегим келет", - деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал дагы талкууланды. Белгилүү болгондой, өлкө боюнча бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Айрым облустарда медициналык мекемелерди оңдоп-түзөө иштери аякталса, кээ бир райондордо курулуш иштери бүтүү алдында турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.09.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болду эми мектептерди ачкыла,ансыз да мурунку чейректери толук окулбай калды, онлайнынар болбогон эле нерсе эптеп коз боемой...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: