Ирригацияны өнүктүрүүгө 2020-жылга 2 миллион 681 миң сомдун бөлүнүшү каралган
Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы боюнча 2020-жылга 2 миллион 681 миң сомдун бөлүнүшү каралган. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев онлайн брифингде билдирди.
"Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарындагы ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы боюнча 2020-жылга 2 миллион 681 миң сомдун бөлүнүшү каралган. Аталган каражаттын 1 миң 700үнө жаңы сугат жерлерди өздөштүрүүгө, 17 миң 562сине сугат жерлерди суу менен камсыздоону жогорулатууга, 600үнө шарттуу сугат жерден башка сугат жерге которуу жана 5 миңге жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бермек", - деди Абдыбай Жайлообаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kenen

02.09.2020. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 миллион 681 миң сом? адашпадынарбы? бул эчнерсеге жетпейткко.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.