super.kg logo

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин жактоочулары Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасына нааразы

 

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин жактоочулары Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасын туура эмес иш-аракет жасап жатат деп айыптоодо. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Абдуллаевдин Кыргыз өлкөсүндөгү жактоочуларынын бири Тимур Карабаев билдирди.

Жактоочу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын компетенциясында карала турган ишти алар райондук деңгээлдеги органдарга жөнөтүп коюшканын айтат.

"Биздин УКМКнын кызматкерлерине жана жетекчилигине, ошондой эле Башкы прокуратуранын өзүнүн кызматкерлерине карата берген арыз-даттануубузду Башкы прокуратура Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасына кароо үчүн жөнөткөн экен. Башкы прокуратуранын мындай иш-аракеттерин туура эмес деп эсептейбиз. Себеби Бишкек гарнизону деген - бул райондук прокуратуранын эле аналогу. Ошондуктан Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин иш-аркеттерине Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы эч качан баа бере албайт. Ошол эле көрүнүш УКМКнын борбордук аппаратынын кызматкерлерине дагы тиешелүү. Бул республиканын Аскердик прокуратурасынын же Башкы прокуратуранын деңгээлинде карала турган иш болчу", - дейт жактоочу Карабаев.

Азырынча бул боюнча УКМК жана Башкы прокуратура да расмий билдирүү жасай элек.

Буга чейин 2020-жылдын 9-августунда Бишкек шаарындагы кафелердин биринде кармалып, кийин УКМК тарабынан Өзбекстанга өткөрүп берилген журналист Бобомурод Абдуллаев Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсунда ага карата кыйноо болгондугу тууралуу ачык катын жарыялаганы маалымдалган. Каттын негизинде журналисттин жактоочулары Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышканын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: