"Жаан-чачын жаабайт". 10-сентябрга карата аба ырайы
Эртең, 10-сентябрда түнкүсүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +22…+27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус.
