Билим берүү министрлигинде мектепке чейинки билим берүү боюнча жаңы бөлүм түзүлдү
Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки билим берүү боюнча жаңы бөлүм түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган бөлүм буга чейин министрликтин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын курамында болгон жана бул тармак боюнча бир гана адис иштеген.
Жаңы түзүлгөн бөлүмдө бала бакча маселеси боюнча мындан ары төрт кызматкер иштейт.
"Бөлүм мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруу жана координациялоо тапшырмаларын аткаруудан тышкары, билим берүү органдарына, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана жеке адамдарга мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтүшөт жана жарандардын мектепке чейинки билим алуусуна конституциялык укуктарын камсыз кылууну көзөмөлдөшөт", - деп жазылат маалыматта.
Өлкөдө 1 миң 617 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 207 миңден ашык бала тарбияланат.
