super.kg logo

Мас абалында эки спорт чеберин сүзүп өлтүргөн айдоочуга карата сот өкүм чыгарды

 

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо велосипед тээп бара жаткан Илья Сидоров менен Евгений Требунскийди сүзүп кеткен айдоочуга карата сот өкүм чыгарды. Маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунан тастыкташты.

"Айдоочу күнөөнү моюнуна алды жана сот аны 8 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары жабырлануучу тарапка 286 миң сом төлөп берүү милдеттендирилди", - деп билдиришти облустук соттон.

Окуя 30-июнда болгон. Анда 1981-жылы туулган жаран велосипед тээп бараткан эки жаранды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 1 жаран каза болсо, экинчиси ооруканадан көз жумган. Кийинчерээк эки адам тең спорт чеберлери экендиги белгилүү болгон.

Дарыгерлердин корутундусуна ылайык, кырсык болгон учурда унаанын айдоочусу мас абалында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.09.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эки адамды сузуп олтурсо анан мас абалда болсо 8 жылга кесилсе, бул жагы кызык болду ошордо сотторго канча акча берди экен ээ, эгер мал уурдап же тоок урдап тушпонундо кеминде 2-3 га кесилмексин соттор бопкетишиптирда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: