super.kg logo

Президент: "Биз пахтаны жөн гана сатпастан, аны кайра иштетүүнү жана продукцияны өндүрүүнү камсыз кылышыбыз керек"

 

"Биз азыр айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүнү колдоого өзгөчө көңүл буруп жатабыз, узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар дыйкандарга жеткиликтүү", - деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда Кара-Суу районундагы "Оомат Агро" өндүрүштүк жана үрөн кооперативинин ишмердиги менен таанышып жатып айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы кооперативдин базасын жана пахта талаасын көрүп чыкты.

Жергиликтүү дыйкандар менен баарлашууда Сооронбай Жээнбеков алардын эмгегин ыраазычылык менен белгилеп, пахта өндүрүүнү көбөйтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Президент жеңил өнөр жайдын пландуу өнүгүшү жана аймактарда жаңы текстиль фабрикаларынын курулушу менен пахтага болгон суроо-талап жогорулай турганын белгиледи. Дыйкандар муну эске алуу менен ата мекендик жеңил өнөр жайынын муктаждыктарын жабуу үчүн эгилген пахтанын көлөмүн көбөйтүшү керек. Буга байланыштуу Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына бул багытта максаттуу иштерди алып баруу сунушталды.

Мамлекет башчысы өз убагында Кара-Суу районунда пахта тармагында чоң потенциал болгонун айтып, дагы бир жолу каржы-насыялык мекемелердин, айрыкча "Айыл Банк" ААКсынын көңүлүн дыйкандарга колдоо көрсөтүү зарылдыгына бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
11.09.2020. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пахта сатканды эмес пахта койгонду үйрөтсөң Соке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: