super.kg logo

Чүйдүн Ысык-Ата районунда "Коопсуз шаар" көчмө аппаратын кулаткан жаран кармалды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда "Коопсуз шаар" көчмө аппараттык-программалык комплексин кулаткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

2020-жылдын 28-августунда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында Бишкек-Кант унаа жолунун 11-чакырымында белгисиз скутер айдоочусу «Коопсуз шаар» көчмө аппараттык-программалык комплексин кулатып, андан кийин белгисиз тарапка кетип калган.

Бул окуя Ысык-Ата РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде "бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө скутердин айдоочусу экенин аныктап, ал 55 жаштагы К.К. аттуу жаран болгон. Ал кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү ишинде скутердин айдоочусу К.К. 28-август күнү Ала-Тоо совхозунан батарея сатып алуу үчүн "Аламүдүн" базарына бара жатып, Новопокровка айылында үч буттуу камера бар экендигин көргөн. Аны өтүп бара жатып колу менен түртүп жыгылтып, андан ары жолун улаган. Ал кылган ишине өкүнүп, коомчулуктан кечирим сураган. Учурда «Коопсуз шаар» аппараттык-программалык комплексине келтирилген чыгымдын наркын аныктоо үчүн бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, материалдык чыгымдар келтирилген адам тарабынан калыбына келтирилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: