Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыгы 15 пайызга төмөндөдү






Вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жол коопсуздугу маселеси боюнча кеңешмеде жолдордогу тартип – жарандардын коопсуздугунун негизи экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөт өлкөдөгү жол коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бөлөт. Жол кырсыктары ар кыл себептер боюнча орун алат. Анын бири катары жолдун сапаты жана тийиштүү жол белгилеринин болушу саналат. Ошондуктан жаңы жолдорду салууда биринчи кезекте жол куруу мөөнөтүнө эмес, анын курулуш сапатына көңүл буруу керек. Статистикага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймагында жол кырсыктарынын саны кыскарууда. Бирок айрым аймактарда анын саны жогорулоодо. Ири жол кырсыктары коопсуздук чараларынын жетишсиздиги тууралуу кабарлайт. Андыктан мамлекеттик органдар тарабынан аталган багытта профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл", - деди Алмазбек Баатырбеков.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн 8 айдын ичинде 3474 жол кырсыгы катталган, анда 385 адам курман болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 15 пайызга төмөн. Мында жол кырсыгынын 78 пайызы айдоочулардын күнөөсү боюнча болгон. Буга катар акыркы жылдары өлкөдө унаалардын саны жогорулагандыгы белгиленет. Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 миллион 348 миң 780 автотранспорт каражаты катталган.
"Биздин жолдор мындай көлөмдөгү унааларга эсептелген эмес. Алардын саны көптүгүнөн улам жол тыгындары пайда болууда. Айдоочулар ар кыл ыкмага салып айдашкандыктан, натыйжада көптөгөн жол кырсыктары орун алууда. Мисалга, бул көйгөй борборубузда курч байкалууда. Ошондуктан жол белгилерин талдоодон өткөрүү керек, бул "Коопсуз шаар" программасын ишке ашырууга көмөк берет. Бул долбоор Бишкекте гана эмес, Чүй облусунун аймагынын бир бөлүгүндө да жол коопсуздугун камсыздоого чоң пайдасын тийгизүүдө. Эми жалпы өлкө боюнча ишке киргизиле турган «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычынан да ушундай эле натыйжаларды күтүүдөбүз", - деди Алмазбек Баатырбеков.
Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле унаа жолдорун кыш мезгилине даярдоо жана инерттик материалдар менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Транспорт жана жолдор министрлигине унаалардын агымы жыш катталган ири унаа жолдорунда кышкысын жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.
