super.kg logo

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды

 

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, республикадагы COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, калкка өз убагында сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн аталган ооруканадан карантиндик режим алынды.

12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен өзүнүн профили боюнча бейтаптарды жаткырууну баштады.

Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен келген бейтаптар, анын ичинде балдар дагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаткырылат.

Ошондой эле жогоруда аталган буйруктун негизинде №6 Шаардык клиникалык ооруканасы 2020-жылдын 26-октябрына чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды.

Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы инфекциялык оорулары бар балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү.

Республикалык дерматовенерологиялык борбору профили боюнча бейтаптарды кабыл алууну баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: