super.kg logo

Өлкөдө коронавирус илдети 17-18-июль күндөрү эң көп катталган

 

Өлкөдө коронавирус илдети 17-18-июль күндөрү эң көп катталган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"СOVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тарта ооругандардын саны 3 бейтаптан (18-март) 44 миң 828ге (12-сентябрь) чейин көбөйдү. Лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлар боюнча статистика бириктирилгенден бери 17-июлдан тарта ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр: 17-июль – 1654, 18-июль – 1264. Эӊ көп Бишкек шаарында – 17793, ал эми эӊ азы Талас облусунда – 1442 аныкталган.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы 3 айыккан бейтап чыгарылган. Бүгүнкү күндө жалпы 40 779 адам коронавирустан айыкты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: