Борбордо күн ачык болот. 15-сентябрга карата аба ырайы
Эртең, 15-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Күндүз Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында Чүй, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облусунун тоо этектериндеги райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Баткенде түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31 градус;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23.
Бишкекте 15-сентябрда жаан жаабайт. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.