Бишкек мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчисине кызматтан кетүү сунушталды
Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымовго жумуштан кетүү сунушталды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шаар мэри Азиз Суракматов жыйында сөз сүйлөп, шаар кызматтарын санариптештирүү иштеринин жүрүшүнө карата нааразычылыгын билдирди. Мэр калаа тургундары үчүн шаардык кызматтар менен иштешүү дагы деле кыйын, бирдиктүү санариптик түзүм жок экенин айтты. Ал эми муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр татаалдашып кеткенин, андыктан муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Нурлан Касымовдун кызматтан кетүүсү сунушталды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.