Импорттоочулар 1 суткада темир жол жана аба транспорту менен 350 тонна товар ташып келишти
Импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттары ачылган күндөн берки бир сутканын ичинде темир жол транспорттору аркылуу коммерциялык максат үчүн арналган 65 вагон менен 352 тонна, ал эми аба транспорттору менен 374 килограмм товар ташып келишкен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Буга чейин "Манас", "Ош" эл аралык аэропортторунда, "Бишкек-1", "Аламүдүн", "Кара-Балта" жана "Кара-Суу" темир жол станцияларында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункттар иштей баштаган. Ушуга байланыштуу темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү жарандар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү.
Учурда Кыргыз өлкөсүндө товарларды эсепке алуу пункттары Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан 4 контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жерде, 2 эл аралык аэропортто, 5 темир жол станциясында иштейт.
Пункттар импорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо товарларды эсепке алуу, аймактык салык органдарына товарларды ташып кирүү фактылары жөнүндө маалыматты онлайн түрүндө берүү максатында иштөөдө.
