super.kg logo

Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан бошотту

 

Өкмөт 2020-жылдын соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Кабыл алынган чечим 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин иштейт жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана аймакта коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу жана ага каршы турууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Кошумча нарк салыгынын салык салынуучу импорт жана салык салынуучу тапшыруулар боюнча нөл пайыздык коюму төмөнкү товарлар үчүн колдонулат:

  • дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;
  • атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;
  • көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;
  • токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер;
  • компьютердик томография; медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер;
  • медициналык жана хирургиялык эмеректер;
  • негатоскоптор.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: