super.kg logo

Шайлоо күнү милдеттендирилген эрежелер. COVID-19 илдетинен калкты коргоо жана коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм түзүлдү

 

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата калкты COVID-19 илдетинен коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча республикалык штаб алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык:

* Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоо иштерин жасоо;

* Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо;

* Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер же башка каражат орнотууну, ошондой эле жооптуу адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо;

* Бет капты, кол капты жана башка жеке коргонуучу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек;

* Адамдар арасында 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо;

* Шайлоо участогунда шайлоочулардын бет кап тагынуусу абзел;

* Эмерек жана техникалык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: