super.kg logo

Өкмөт ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоо максатында аларга кураторлук кылат

 

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында кризистен кийинки мезгилде ата мекендик ишканаларды, өнөр жай ишканаларын жана алардын инвестициялык долбоорлорун кураторлукка алуу механизми тууралуу талкууланганы маалымдалат.

"Бул механизм ишканалардын маселелерин ыкчам жана сапаттуу чечүүгө, ошондой эле аларга өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режиминен кийин жагымдуу экономикалык жана уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталды.

Ишканаларга кураторлук кылууда мамлекеттик органдардын жетекчилерине уюмдун финансылык жана башка ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү, таасири жана көзөмөл кылуусу жокко чыгарылары баса белгиленди.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов өндүрүш ишканаларынын өз убагында ишке киришүүсү жана келечектеги ийгиликтүү иш-аракеттерине колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Өкмөттүн иши бизнести колдоого, өлкөбүздүн аймактарында жумуш орундарын көбөйтүүгө жана жумушсуздукту азайтууга көмөктөшкөн өндүрүш компанияларын өнүктүрүүгө, ошондой эле экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө жана ишкердик субъектилеринин ишин колдоого багытталган", - деди өкмөт башчы", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: