"Бардыгы Баткенден". Сутка ичинде 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 7 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде айтты.
Илдет жуктуруп алган 7 медицина кызматкеринин бардыгы Баткен облусунда катталган.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 13 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3181 учур катталды, алардын ичинен 2729 медкызматкер айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.