Бишкек шаарындагы мечиттерге Мадина шаарынан келген Куран китептер таратылды
Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарынын борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан берилген 664 даана Куран китеп 70ге жакын мечиттин имамдарына, 10 диний окуу жайга бөлүштүрүп берилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган китептерди таратууда алгач Бишкек шаардык казыятында атайын имамдар үчүн жыйын болуп, анда баш калаанын казысы Замир Ракиев дин кызматкерлерине мечиттердин тазалыгы, намаз убактыларына дыкат көңүл бурууга чакырып, Куран китебин алып келүүдө салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, 11-сентябрда Сауд Арабиясынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Муфтиятка 16 тонна Куран китеби келген. Ал китептер Муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка, диний окуу жайларга, өлкөнүн бардык мечиттерине таратылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















