Ош шаарында заманбап таштанды таштоочу контейнерлерди орнотуу иштери жүрүп жатат

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-сентябрда борбордун жанына керектүү жерлерге заманбап таштанды таштоочу контейнерлерин орнотуу иштери башталды.
"Курманжан датка көчөсүндөгү кесилиштерге жана жол четинде шаар тургундары жана соода объектилери тарабынан таштандылар мыйзамсыз чогултулган жерлерге 9 даана контейнер орнотулган. Ошондой эле таштандыларды туура эмес жерлерге ыргытууга жол берилбестиги боюнча тургундар менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин "Ош шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун өркүндөтүү" долбоорунун алкагында, Ош-Тазалык ишканасына 360 заманбап таштанды контейнерлери кабыл алынды. Контейнерлерди керектүү жерлерге орнотуу иштери улантылат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
nazarnew

17.09.2020. 12:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец мэрибизге, силер менен Ош эли сыймыктанат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.