super.kg logo

Мэрия: "Калаанын жашоочулары, ишембиликке чогулбай тургула"

 

Бишкек шаардык мэриясы калаанын жашоочуларын эл аралык тазалык күнүндө ишембиликке чогулбай турууларын суранат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Пандемияга байланыштуу биз шаардыктарды массалык ишембиликтерге чогулбай турууларын суранабыз".

Буга чейин Бишкек шаарынын жашоочулары шаардык мэрия, коомдук уюмдар менен биргеликте масштабдуу ишембиликтерге катышып келишкен.

"Бул жылы пандемия өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизип, бүгүнкү күнгө чейин калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу биз шаардыктарды массалык ишембиликтерге чогулбай турууларын суранабыз. Вирус шаарда, вирус бардык жерде, вирус өлкөдө жана ал абдан кооптуу. Биз ар бир шаар тургунун өздөрүнүн үйлөрүнүн, кеңселеринин короолорун, айланасын ирээтке келтирип, тазалоолорун сунуштайбыз", - деп жазылат маалыматта.

Таштандыларды чыгаруу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына убагында төмөнкү номерлер аркылуу арыз бериңиздер.

  • Биринчи Май району 0706190886;
  • Свердлов району 0707337374;
  • Октябрь району 0507171777;
  • Ленин району 0707250056.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2020. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Партиялар элди чогултуп эле агитацияларын жургузуп атышат ко.Же алар вирус менен туугандык жайлары барбы,бизге тийишпей алыс кет деп койгудай?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: