Ош шаарында ипотекалык негизде берилүүчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды






Ош шаарында жарандарга ипотекалык негизде берилүүчү 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда бул үйлөр мэрия тарабынан курулуп жаткан экинчи ипотекалык долбоор экени айтылат.
Курулуш иштеринин башталышына карата капсула салуу аземи уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышканы маалымдалат. Сарыбашов жарандарды жеңилдетилген ипотекалык негизде үй менен камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатканына токтолгон.
“Өткөн 2019-жылы 80 батирлүү биринчи үйдүн курулушу башталган. Ал үйдү кийинки жылдын март айында колдонууга берүүнү пландап жатабыз. Учурда Достук кичи шаарчасында 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул көп кабаттуу үй 2022-жылдын март айында курулуп бүтөт”, - деген Таалайбек Сарыбашов.
Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да үй куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.
"Жаңыдан курулушу башталган 9 кабаттуу үйдө 90 батир болот. Биринчи кабатында жергиликтүү жашоочулар үчүн поликлиника курулуп, 60 автоунаа токтотууга шарт түзүлөт. Көп кабаттуу үйгө баруучу ички жол да асфальтталат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.