Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон жарандын жакындары изделет

Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон адамдын жакындары изделет. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя 16-июль күнү саат 22:30 чамасында болгон. Анда 1987-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочунун башкаруусунда Мицубиси-Каризма унаасы Жибек жолу көчөсү менен кетип бара жатып, Ала-Арча көчөсүнө жетпей жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эркек кишини сүзүп алган.
Жабырлануучунун жашы болжол менен 40-45терде, арык дене түзүлүштө, бою 165-170 сантиметр. Ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, эсине келбей каза болгон.
Кимде ким сүрөттөгү жаран боюнча маалымат билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 53-22-33, 0312 53-01-81, 0553 11-21-13, 0502 22-24-12.

