super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "Төө кыядан өткөн соң оо дегениң курусун". Бул сөздү кандай учурда айтууга болот?"

 
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрдүн маанисин Эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.

1. "Таш калак жагуу" - бул жокчулукта очок тегеректе отурган мезгилди билдирет. Мурда кыргыз эли малын ыктуу жерлерге кыштатышкан. Отун жок болгон оор абалдарда атайын таш калак деген очокту ойлоп табышкан. (таш калак - казанга ылайыкташтырылып, темирдин ортосун оюп, тегерете тешип, койдун кургак коргоолун тешикчелерге тегерете кырдаган. Оттун табы күчтүү болгон. Мисалы: Турмаштары сонун, таш калакка ышталып олтуруучулар калбаптыр. (А.Убукеев)

2. "Ишиң төө кыядан өттү" - иштин оор кезеги өтүп кетти дегенди түшүндүрөт. Көчмөн кыргыздар малына карап тоо кыркалап көчүп жүргөн. Ошондо төөлүү көч азап чеккен. Төөнүн таманы жалпак болгондуктан бийик ашуудагы кыя жолдордон төө тизелеп, чөгөлөп өткөн. Коркунучтун баары ошол кыядан өткүчө болгон. Мисалы: Төө кыядан өткөн соң оо дегениң курусун. (элдик сөз)





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: