Эне тилге эки мүнөт: "Сопу согон жебейт, жесе кабыгын койбойт". Согон деген эмне?
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев Махмуд Кашгаринин "Түркий тилдер сөз жыйнагындагы" архаизмдердин маанисин чечмелеп берди.
Согон. Мааниси - жапайы пияз, сарымсак. Мисалы, "Сопу согон жебейт, жесе кабыгын койбойт" деген макалда кездешет. Согон деген сөз азыр колдонулбай архаизмге айланды.
Бөк. Мааниси - жашынуу. Бул дагы кыргыз тилиндеги сөз. Кээде колдонулуп калат. Мисалы, "бөгүп калды" деп коюшат. Бул жашынып калды деген маанини билдирет.
Каш. Мааниси - тунук. Мисалы, "Каштай тунук булагын" деп Мидин Алыбаевдин ырында жазылган. Каш деген туптунук асыл ташты да билдирет.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.