Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты











Бүгүн, 29-сентябрда Будапешт шаарындагы "Кармелита" сарайында президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ардак кароол тизилип, Кыргыз өлкөсү менен Венгриянын гимндери жаңырды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.
Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат аяктап, андан соң "Кармелита" сарайынын фойесинде кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.
Андан кийин тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.
Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга жооп катары жасалган сапары менен барган.

