super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын президентин Кыргыз өлкөсүнө чакырды

 
Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз-Венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.
Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болду. Ал ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси мөңгүлөрдүн эриши жана заманбап глобалдык чакырыктарды эске алуу менен актуалдуу болуп каларын баса белгиледи.
Буга байланыштуу Янош Адер келечекте дүйнө өлкөлөрүнүн күн тартибинде суу пайдалануу маселеси кыйла артыкчылыктуу болоруна көңүл бурду.
Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия президентин эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканы менен куттуктады.
Ал жогорку деңгээлдеги туруктуу сүйлөшүүлөр мындан ары көп тараптуу жана Кыргыз-Венгер кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.
Венгриянын президенти кыргыз эли экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин, ата мекендик айыл чарба продукциялары экологиялык таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта өз ара кызматташууга даярдыгын билдирди жана Венгрия президенти Янош Адерди Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келүүгө чакырды.
Тараптар эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн активдүү байланыштарды улантуу зарылдыгын белгилешти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
30.09.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атабыздын чокусуна монгубу? Мин жылдык монгулорду жырткычтарча талкаладык. Убал...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: