super.kg logo

Баткенде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, айып пул салынды

 

Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3000 сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаранга атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды. Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.

"Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын "Таштемир Ажы" соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.09.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лейлекте туугандар кундо эле той кылып жататко
30.09.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар тойдо очунор барбы токтотуп турбайсыңарбы.Штраф 3000аз да айтып атышат 3000берип той кыла берем деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: