Президент: "Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү "жашыл" экономиканы алга жылдыруу болуп саналат"
30-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында Биоартүрдүүлүк боюнча Нью-Йоркто өткөн саммитте президент Сооронбай Жээнбеков видеобилдирүү аркылуу сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Экологиялык дипломатияны жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Биз - экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз.
Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз өлкөсү климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт. Кыргыз өлкөсү экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоо менен бирге өз демилгелерин да сунуштап келет.
Баарынан мурда, алар:
- Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммиттерди уюштуруу;
- Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюцияны жаңылоо;
- Эл аралык тоолор жылын өткөрүү жана Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү.
Кыргыз Республикасы биоартүрдүүлүк жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык аракеттерди колдоосун уланта берет.
Айтылган идеялар менен сунуштар учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жардамын тийгизет деген ишеничтебиз.
Биздин планетанын жаратылышынын келечеги жана анын биоартүрдүүлүгүн сактап калуу биздин колубузда", - дейт президент.

