super.kg logo

Мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйын берүүдө. Анда ал 2-6-класстардын окуучулары 6-октябрдан баштап мектепте окуй турганын айтты.

"2-6-класстарды окууга киргизүү боюнча Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтери тарабынан тиешелүү алгоритм иштелип чыкты. Мектептин окуучуларынын санына жараша уюштурулат:
200гө чейин окуучу болсо – бекитилген расписание (жүгүртмөгө) кадимки режимде жүрөт. Андан көп сандагы окуучусу бар мектептерде ийкемдүү графикке ылайык окутулат. Баланын саны 200дөн 500гө чейин болсо – кадимки смендик окуу процесси уюштурулат. 500 жана 500дөн жогору болсо – 2 сааттан кем эмес интервалы менен смендик окуу процесси уюштурулат. Булар туурасында министрлик кеңири маалыматтарды массалык-маалымат каражаттарынан берет. Сабактарды өткөрүүдө өзгөчөлүктөр болот. Климаттык шарттарды эске алуу менен “Турмуш тиричилик коопсуздугу”, “Мекен таануу”, “Адеп”, “Дене тарбия” сабактарын таза абада өткөрүү сунушталды. Эгерде окуучунун саны 500дөн жогору жана шарттары жок болгон мектептер болсо, анда табигый-так илимдер багытындагы предметтер реалдуу режимде окутулат. Ал эми гуманитардык багыттагы предметтерди дистанттык формада өткөрүү каралды.

Мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт, ата-энелер менен башка адамдар имаратка киргизилбейт.

Окуучулардын жана мектепте иштегендердин бардыгынын ден соолугун күнүгө текшерип туруудан тышкары, балдар менен туруктуу байланышта болгон адамдардын (мугалимдер жана башка персонал) бет кап режимин сактоосу катуу талап кылынат", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: