super.kg logo

Өлкөдө 9 айда 720 балада документ жок экендиги аныкталды

 

9 айдын жыйынтыгы боюнча 720 балада документ жок экендиги аныкталып, анын 250сүнө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун төрагалыгы алдында кеңешме болду. Анда балдарды колдоо боюнча бекитилген планынын тармактык мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылышы талкууланды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңы конуштарда оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдөгү балдарга документ берүү боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүдө. Ушул жылдын аягына чейин ушундай форматта иштей турган 500 бала бакчаны түзүү пландалды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте китепканалардын базасында балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ачылды. 2020-жылы 50 борбор ачылса, 2021-жылы дагы 50нү түзүү пландалды.

Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бала бакчаларга электрондук кезекке туруу тутуму киргизилди. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине электрондук түрдө катталуу жана кезекке туруу системин жүзөгө ашыруу пландалууда. Учурда тутумга Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларын туташтыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер аткарылууда. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ымыркайлардын тубаса ооруларын – гипотиреозду эрте аныктоо үчүн скрининг бөлүмү ачылды. Бөлүмгө бардык аймактардан алынган анализдер жеткирилет.

"Балдарды колдоо боюнча көп пландар каралган. Бирок пандемияга байланыштуу айрымдарын толук кандуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Абал турукташып калды. Ошондуктан балдар маселелерине байланыштуу кабыл алынган чечимдер натыйжалуу ишке ашырылышы керек. Балдарды социалдык жактан коргоону камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керек", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жыйындын соңунда протоколдук чечим кабыл алынды. Документте белгиленген тапшырмаларды тармактык мамлекеттик органдар айтылган мөөнөттө жана сапаттуу ишке ашырууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: