super.kg logo

Ошто коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон 10 адам сыйланды

 
Бүгүн, 2-октябрда Ош шаарында коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкондор сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
"Вице-мэри Эмил Шадыханов бир катар мамалекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын, жогорку жана орто окуу жайларынын жамааттарына Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасын тапшырды.
Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башкаруу системасындагы кызматтардын жамааттарына ыраазычылык сөздөр айтылып, жалпысынан 10 адамга Ардак грамота берилди.
Сыйлык коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө жана элдин биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: