Студенттер арасында президенттин стипендиясы үчүн ачык сынак жарыяланды
Жогорку окуу жайлардын студенттери арасында президенттин стипендиясы үчүн ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Өлкөбүздөгү бардык жогорку окуу жайларынан (мамлекеттик жана менчик) баалоо системинин талаптарына толук жооп берген татыктуу студенттердин (курсанттардын) тизмеси (сөзсүз түрдө толук документтер менен коштолгон окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде) 2020-жылдын 15-октябрына чейин Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгына (311-кабинет) тапшырылуусу зарыл", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, сынакка катышууну каалаган студенттер өздөрү окуган окуу жайына кайрылып, кенен маалымат алса болот.
Сынак Кыргыз Республикасынын президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы №124 «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.

