Акрам Мадумаров: "Шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо үчүн 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды"
Бүгүн, 4-октябрь күнү вице-премьер-министр Акрам Мадумаров уюштуруу маселесин чечүүдөгү республикалык штабдын жалпы эле ишмердүүлүгү боюнча брифинг өттү.
"Баарыбызга белгилүү болгондой, бүгүн, 4-октябрда өкөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтүүдө. Эртең мененки саат 08:00дө өлкөнүн бардык аймактарында 2430 шайлоо участкасы ачылды. Алар кечки саат 20:00гө чейин шайлоочулар үчүн ачык болот.
Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары жүргөн биздин мекендештердин добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү максатында алыскы жана жакынкы чет өкөлөрдө 45 шайлоо участкасы ачылды. Добуш берүүгө 18 жашка толгон жана биометрикалык каттоодон өткөн 3 миллион 523 миң 554 жаран катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Тилекке каршы, биометрикалык каттоодон өтпөй калган 429 миң 392 жаран шайлоо укугуна ээ эмес.
Бардык шайлоо участкалары добуш берүү процессин өткөрүү үчүн керектелүүчү каражаттар менен толук камсыз болду. Алар электр энергиясы менен, интернет байланышы, ошондой эле кошумча генераторлор, компьютердик жабдуулар жана башка шаймандар менен камсыздалды. Акыркы кырдаалды эске алуу менен бирге санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо үчүн бет каптар, антисептикалык каражаттар жеткирилди.
Шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо үчүн 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды", - деп билдирди вице-премьер-министр.

