super.kg logo

Саат 10:30га карата республикалык штабдын call-борборуна 52 чалуу түштү

 

4-октябрь күнү саат 10:30га карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 чалуу болду.

Негизинен чалуулар шайлоочулар тараптан санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашы, айрым жарандар өздөрүн тизмеден таба албай жатканы боюнча болууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, өкмөт үйүндө Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эртең мененки саат 08:00дөн баштап иштеп жатат. Кечки 20:00гө чейин чалууларды кабыл алат.

Шайлоочулар электр жарыгынын, интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин, санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: 0312 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, 0312 66 61 97.

Бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: