super.kg logo

ИИМ: "Биз эскертүү бергенбиз. Митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келди"

 

Ички иштер министрлиги аянтта болуп өткөн окуялар боюнча билдирүү таратты.

"Ички иштер министрлиги “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тынч тарап кетүүгө чакырган. Бирок митингдин катышуучулары жана анын уюштуруучулары коомдук тартипти бузушуп, Чүй кең көчөсүндөгү кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары агрессивдүү түрдө Чүй көчөсү аркылуу кыймылды баштап, Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазасын сындырууга аракет кылышты.

Таш ыргытышып, дарбазадан ашып кирүү аракеттерин жазашты. Ошол себептүү жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды газ жана үн чыгаруучу атайын каражаттарды колдонуу жана суу бүрккөн автоунааларды пайдалануу менен таркатууга туура келди. ИИМ жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болорун эскерткенбиз. Бирок ошого карабастан алар коомдук тартипти бузууга барышты. Акцияны уюштуруучуларды жана партиянын лидерлерин митингге катышкандарды үйлөрүнө толук таратып кетүүгө дагы бир жолу чакырабыз. Учурда Бишкек шаарында коомдук тартип орнотуу максатында милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.10.2020. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молоцы ИИМ жакшы иштеп жатышат
06.10.2020. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биримдик менен Мекеним Кыргызстанга мыйзамды бузбай,таза шайлоо откоргуло деп айта албадынар эле го.Тополондун башы ошолорго барып такалат.Чимкирик,макале,сексалюлар парламентке келбесин деп чыгып жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: